Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусуЧоң-Алай району 07.12.2018 15:40 На русском

Чоң-Алайда карышкырды тирүү кармап, сатыкка коюшту (видео)

Turmush -  Алай менен Чоң-Алай райондорунда топоздорго кол салган 3 карышкыр атылып, бирөө тирүү кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаров кабарчыга билдирди.

Анын айтымында кечээ, 6-декабрь күнү Алай районунун Ак-Босого айылындагы мергенчилер 2 карышкыр атышкан. Буга чейин карышкырлар топоздорго кол салып келген эле. Мындан сырткары Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылында да жергиликтүү тургундар 2 карышкыр кармашкан. Анын бирөөсүн атышса, экинчиси тирүү кармалды.

Карышкыр

Карышкыр

Учурда карышкырлардын териси сыйрылып, департаментке тапшырылды. Мергенчилерге ар бир карышкырдын териси үчүн 6 миң сом сыйлык берилет.

Ал эми тирүү карышкыр 13 миң сомго бааланып, сатыкка коюлганы маалым болду. Азырынча сатыла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×