Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 11.12.2018 13:05

Мугалимдер «Педагогикалык ой ордонун» төртүнчү отурумуна чогулушту (сүрөт)

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда «Кыргыз коому жана балдар» темасынын алкагында «Педагогикалык ой ордонун» төртүнчү отуруму болуп өттү.

ОГПИнин маалымат катчысы Кубанычбек Жылкычы уулу билдиргендей, аталган иш-чара кыргыз коомундагы балдарды өнүктүрүү, окутуу жана тарбиялоо көйгөйлөрү жөнүндө тиешелүү мекеме өкүлдөрүнүн ойлору менен бирге, коомдук пикирди ортого алып чыгуу максатында Кыргыз-Түрк «Манас» университети, «Кыргызстан педагогдор коому» коомдук бирикмеси жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан уюштурулду. Ой ордого ОГПИнин ректору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Б.Зулуев, профессор А.Алимбеков, эмгек сиңирген мугалим, профессор Б.Нурунбетов, энелер мектебинин негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин кандидаты Г.Мадаминов, «Жетиген» мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент К.Акматов баштаган белгилүү педагогдор жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, бейөкмөт уюмдардан, балдарды коргоо борборлорунан, билим берүү мекемелеринен атайын өкүлдөр катышып, өздөрүнүн таасирдүү ойлору менен бөлүштү.

Отурумда жалпысынан таалим-тарбия ишиндеги маселелер — «Канткенде биз туура тарбия бере алабыз?», «Билим берүү менен тарбиянын айкалышы кандай?», «Ата-энелер жана мугалимдер эмнелерге көңүл буруусу керек?», «Балага негизги таасир берүүчү чөйрөнүн абалы кандай?» деген сыяктуу суроолордун үстүндө кызуу талкуу жүрүп, тажрыйбалуу адистер тарабынан тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган бир нече сунуш-пикирлер айтылды.

Аталган ой ордонун уюштурулушу «Кыргызстан педагогдор коому» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, соңку жылдарда педагогикалык багытта актуалдуу маселелердин үстүндө олуттуу иштер жүргүзүлүп келет. Анын алкагында буга чейинки үч отурум Бишкекте уюштурулуп, коомдук талкууда жаралган бир нече маанилүү ой-пикирлер, сунуштар, тиешелүү жетекчиликтерге айтылып, аларды чечүүгө жетиштүү аракеттер жүрүп жатат. Педагогикалык ой ордонун алдыдагы отурумдарын эми аймактарда уюштуруу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×