Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусуКара-Суу району 11.12.2018 13:34 На русском

Атасынан ажырап, апасы башка үй-бүлө курган: Кара-Сууда 16 жаштагы кыз турмушка чыкты (видео)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүндө 16 жаштагы кыз турмушка чыкты. Ал 10-классты аяктай электе чоң апасы небересин сырттан окутарын айтып, тил кат жазып берип, мектептен чыгарып алган. Бул тууралуу өспүрүм кыздын мугалими Чолпон Кадырбаева билдирди.

Анын айтымында, окуучу кыз кичинекейинде атасынан ажыраса, апасы башка үй-бүлө курган. Ал 10-классты аяктап жатканда үйүндөгү шарттын оордугуна байланыштуу мектепке убагында келе албай жүргөн.

«Таалайкан (ысымы өзгөртүлдү) үйдөгү көйгөйлөрүн мага айтып берчү. Аны менен сырдашып, ал ыйласа кошо ыйлачумун. Таалайкан эне мээримине зар эле. Моралдык жактан гана жардам бере алдым. "Эжеке кыйналып кеттим" деп ыйлап келчү. Ал мектепте жалаң "5" деген баага окуган алдыңкы окуучулардын бири болчу. Мектепте президент да болуп жүрдү. Анын атасы кичинекей кезинде каза болуп калган. Апасы кызын кайненесине таштап, турмушка чыгып кеткен. Ал чоң энесинин колунда чоңойду. Үйүндөгү атасынын бир туугандарынын баары Россияга кетип, балдарын апасына таштап кетишкен. Таалайкан ошол балдарды карачу. Мектепке да убагында келе албай, сабактарын калтырып жүрдү. Акыркы учурларда такыр мектепке, сынакка да келбей калды. Бир сөз менен айтканда окуусун улантууга үйүндө шарт болгон жок. Чоң апасы 70 жаштан ашкан.

Таалайкан күйөөсү менен мектепте окуп жүргөндө эле сүйлөшчү. Ал баланын да апасы каза болуп, атасы башка аял алып, Россияга кетип калган. Менин оюмча экөө тең мээримге зар болуп, мээрим издеген балдар», - деди кыргыз тил мугалими Чолпон Кыдырбаева.

Таалайканга 5-класстан баштап класс жетекчи болгон Базаргүл Матиева окуучусу мамлекеттик предметтик сынакка катышпай калганы үчүн мектептен четтетилгенине токтолду.

«Ага 5-классынан баштап класс жетекчи болгом, кичинекей кезинен билем. Ал мектепте алдыңкы окуучулардан болчу. Экөөбүз акыркы жолу сүйлөшкөндө "мен окуй албайт окшойм, үйдө эжем ооруп жатат" деген. Чоң энеси менен сүйлөшкөнүмдө "неберемди сырттан окутам" деп, тил катын жазып берген. Социалдык педагог да кыздын чоң энеси менен үйүнө барып сүйлөшүп келген. Таалайкандын чоң энеси Идаят Борбуева небересин мурда эле азыркы жолдошуна кудалап койгон экен», - деди ал.

Ал эми кыздын чоң апасы Идаят Борбуеванын айтымында, небересин кудалап койгон. Бирок кудалап койгон жигит аны ала качып кеткен.

«Неберемди мектепте окуп жүргөндө эле кудалап койгонбуз. 11-классты бүткөндөн кийин турмушка берем деп айткам. Бирок буга карабай ала качып кетишти. Таалайканды айылда жактыргандар көп болчу. Алар ала качып албасын деп ушул кадамга барышты окшойт. Неберем мектепте жакшы окуган. Сынак учурунда мен шаарда болуп калдым. Ал башка неберелеримди, үйдөгү усталарды карап, мектепке бара албай калды. Бирок ал мектептен акыркы күндөрү ыйлап келип жаткан. Эмне болгонун сурасак, мугалимдер тилдегенин айтты. Мектептеги балдар да жигит менен сүйлөшкөнүн айтышкан окшойт. Класс жетекчиси Базаргүл Матиева жана социалдык педагог келип, "небереңизди окутпасаңыз тил кат жазып бериңиз" дешти. Неберемди сырттан окутам. Мугалимдер айткандай Таалайкан кор болгон эмес. Аны өз кызымдай карап чоңойттум», - деди Идаят Борбуева.

Таалайкандын мектептеги курбусу Айжаркын Максатбек кызы: «Мектепте жакшы окуган окуучулардан эле. Мугалимдер Таалайкан менен сыймыктанчу. Азыр алар "Таалайкан кетип, эч ким олимпиадага катышпай калды» деп айтып калышат. Ал мектепке президент болчу. Азыркы жолдошу менен мектепте окуганда эле сүйлөшүп жүргөн. Бул туурасында мектептин баары билчү», - деди.

Мады аймактык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүсү Нурлан Сыдыгалиев окуя боюнча кабары жок экенин билдирди. Ал учурда эмгек өргүүдө экенин айтып, аталган мектептин директору бул окуя тууралуу маалымат бербегенин кошумчалады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 11 айдын ичинде облустун аймагында эрте никеге туруу боюнча 47 факты катталган. Анын ичинен 6 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми 40 факты боюнча кылмыш иш козгоого кыздардын жакындары каршы болушкан. Эрте никеге туруу боюнча Өзгөн районунда 7, Араван районунда 9, Кара-Кулжа районунда 5, Кара-Суу районунда 19, Алай районунда 4, Ноокат районунда 2, Чоң-Алай районунда 1 факты катталган. Ош облусунун аймагында эрте никеге туруу фактысы Кара-Сууда көбүрөөк.

Буга чейин Кара-Суу районунда эрте турмушка чыккан 21 жаштагы келин өз өмүрүн кыйган. Ал эми ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмү коомдо чоң талкуу жаратты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×