Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ош облусу, Ош 11.12.2018 15:22

Ошто 49 жаштагы киши бөтөлкөлөшүн бычактап өлтүргөн

Turmush -  Ош шаарында 25 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Маркумдун денеси 20-ноябрь күнү Шакиров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен табылганын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон. Болжолдуу маалымат боюнча, экөө спирт ичимдиктерин ичип жатканда уруша кетип, шектүү маркумдун жүрөгүнө бычак сайган. Бири-биринен телефон уурдады деп шек санап, анын кесепетинен уруш чыккан. Шектүү качып кетүүгө аракет жасап, бирок колго түшүрүлдү.

Ош ШИИБдин ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе Ош шаарынын 1969-жылы туулган тургуну Д.К. кармалган. Ош шаардык соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынып, учурда СИЗО-5 мекемесине которулду. Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
49.04% (821)
«РСК Банк»
31.3% (524)
«Капитал Банк»
5.56% (93)
...
Всего голосов: 1674
×