Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусу, Ош 11.12.2018 17:10

Ош ШИИБ өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан шаардагы мектептерде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган тегерек стол, форум, жолугушуу жана жыйындар өтүп жатат. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Диалог форматында өткөн иш-чаралар атайын статистикалык маалыматтар камтылган профилактикалык тасма көрсөтүү менен башталууда. Ага жогорку класстын окуучулары, ата-энелери, дин өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, педагогикалык жамаат, милиция кызматкерлери катышып жатат. Негизинен учурдагы жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоодогу маселелер, аларды жоюунун жол-жоболору каралууда.

«Иш-чарага катышкан тараптар жоопкерчиликти чогуу тартып, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууда интернет түйүндөрүн көзөмөлгө алууну сунушташты. Мындан сырткары мектеп окуучуларынын арасындагы социалдык теңсиздиктер, бирдиктүү идеологиянын жоктугу, спорттук иш-чаралардын аздыгы, ата-энелердин чет өлкөгө мигрант катары кетип, балдардын көзөмөлсүз калып жатканы, балдарга улуу муундун көңүл буруусу, мээрими жетишээрлик болбой жатканы, жаштардын ата-энеге караганда смартфонго жакын болуп баратканы кылмыштуулуктун өсүүсүнө себепкер экендигине токтолушту. Иш-чаранын катышуучулары мындан ары дагы ушул сыяктуу жыйындарды өткөрүп, биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу аракеттерин көрүүнү макулдашышты», - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×