Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Кара-Суу 12.12.2018 09:27

Кара-Сууда унаа сүзүп кеткен кишинин абалы оор

Turmush -  Оштун Кара-Суу шаарындагы жол кырсыктан кийин эркек киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Turmush басылмасына белгилүү болгон алдын ала маалыматтар боюнча, 40-50 жаштар чамасындагы жабырлануучуну 11-декабрда ооруканага айдоочу жеткирген.

Акыркы маалыматтар боюнча, окуя «ДЭУ Матиз» унаасынын катышуусунда болгон. Ал эми дарыгерлер жабырлануучунун абалы оор экенин жана алкоголдук ичимдик ичкен абалда болгонун айтышкан. Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×