Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Ош облусуНоокат району 13.12.2018 15:29

Ноокаттагы жол кырсыктан 72 жаштагы айдоочу көз жумду (сүрөт)

Turmush -  Ноокатта эки унаа сүзүшүп, оор жаракат алган 72 жаштагы айдоочу каза болду. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, окуя 12-декабрь күнү 20:30 чамасында болгон.

Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын 1946-жылы туулган тургуну К.З. өзүнүн «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кулатов айыл аймагындагы Абшыр-Сай айылында бара жаткан. Түндүктү көздөй бара жатканда каршы тилкеге чыгып, Кулатов айыл аймагынын 1969-жылы туулган тургуну С.Ж. башкарып жүргөн «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу ооруканага жетпей каза болду.

Учурда аталган окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×