Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусу, Озгон 13.12.2018 17:33 Жаңыланды: 13.12.2018 20:26 На русском

Видео, сүрөт: Балбан кыз Алтынай Мамарасул кызы турмушка чыкты

Turmush -  Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган Алтынай Мамарасул кызы турмушка чыкты. Бул жаңылыкты спортчу кыз аймактык кабарчыга өзү тастыктады.

Анын айтымында, үлпөт той Өзгөн шаарындагы тойканалардын биринде 9-декабрь күнү болду. Ал эми жолдошу Ринат Марс уулу менен 3 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн.

«Ринат менен Чыйырчыктагы муз тебүүчү жайда таанышып калганбыз. Ал дагы спорт чөйрөсүндө жүрөт. Экөөбүз 3 жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк», - деди Алтынай.

Жубайлар экөө тең 20 жашта. Алтынай Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында өссө, Ринат Өзгөн районунун Жаңы-Өзгөн айылынын уулу. Алтынай үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Алтынай Мамарасул кызы 2017-жылдын жыйынтыгы менен 9 медаль тагынууга жетишкен. Анын алтоо алтын болсо, экөө күмүш жана бирөө коло медалдар. Эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык спорттун чебери болгон Алтынай жаш спортчу кыздарга машыктыруучу да болуп жүрөт. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетинде 3-курстун студенти.

«Ош шаардык спорт комитетинде 2 жылдан бери машыктыруучу болуп иштеп жатам. Окуучуларым акырындык менен мелдештерге катышып, кубантып жатышат», - деп кошумчалады Алтынай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×