Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 14.12.2018 09:58 Жаңыланды: 14.12.2018 12:31 На русском

Оштогу таштанды талаадан ымыркайдын денеси табылды

Turmush -  Ош шаарындагы таштанды талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Булактар тастыктаган маалымат боюнча, коробкага салынган денени кечээ, 13-декабрь күнү саат 14:50 чамасында шаардын четиндеги таштанды талаадан табышкан.

Эркек ымыркай киндиги менен кошо баштыкка оролгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны белгисиз адамдар шаардын ичиндеги таштанды челектердин бирине таштап, тазалыкчылардын унаасы менен шаардын четиндеги таштанды талаага жеткирилген. Ал эми коробканы таштандыны аралап жүргөн аял таап, ымыркайдын денесин биринчилерден болуп көргөн.

Кийинчерээк Ош ШИИБдин басма сөз кызматы бул факты боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди. Ымыркай Ош шаарынын Черемушка кичи районунда таштанды челекке салынганы болжолдонуп жатат. Анын үстүн аял кишиге таандык ич кийимдер менен жапкандан кийин коробкага салып коюшкан.

Ал эми Ош шаардык жана Ош облустук төрөт үйлөрүндө акыркы 1 жуманын ичинде өлүү төрөлгөн ымыркайлар болгон эмес. Учурда экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×