Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 14.12.2018 20:32 На русском

Ошто тумоологон жаш балдардын абалы кандай? (видео)

Turmush -  Учурда Ош облустар аралык балдар ооруканасына күн сайын кайрылгандардын саны жүзгө жетүүдө. Бул тууралуу оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кутбидин Бекажиев билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын көпчүлүк бөлүгү Кара-Суу районунан келишкен. Айрым ата-энелер балдарынын оорусу күчөп кеткенде гана кайрылып жатат.

«Бүгүнкү күндө балдар арасында сасык тумоо күч алууда. Алардын басымдуу бөлүгү Кара-Суу районунан кайрылгандар болуп жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу көбөйдү десем болот. Көпчүлүк учурда бейтаптарды түнкүсүн алып келишет. Ата-энелер ооруган балдарын өз алдынча дарылып, анысы жыйынтык бербегенде гана ооруканага кайрылышат. Дене табы 39-40 градуска жеткенде гана келгендер бар», - деди Кутбидин Бекажиев.

Ош шаардык санэпиддик көзөмөл борборунун жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сүйүмкан Албашова балдар арасындагы жугуштуу оорулардын көбөйүшүн төмөнкүчө түшүндүрдү.

«29-ноябрдан 5-декабрга чейин жалпы 248 адам кайрылган. Булар өтүшүп кеткен жугуштуу оорулар. 6-декабрдан 12-декабрга чейин 438 адам кайрылды. Алардын арасында басымдуу бөлүгү бир жашка жете элек балдар. Себеби 1 жашка чейинки ымыркайларга оору тез жугат. Алардын организми мындай вирустар менен курөшүүгө алсыз.

Азыр абанын температурасы көтөрүлүп, кайра түшүп жатканынан улам сасык тумоо күч алды. Аба ырайы суук болуп турса вирустар күч албай калат. Январь, февраль айында дагы жугуштуу оорулар, сасык тумоо менен ооругандар көбөйүшү мүмкүн. Биздин кызматкерлер үйлөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди Сүйүмкан Алдашова.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×