Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 17.12.2018 09:39

«Барактары айрылган китепти окуу керек»: Байаман Бобуловдун китепканада жашап калган күндөрү болгон

Turmush -  XXI кылым өнүгүүнүн, жаңы технологиялардын, гаджеттердин заманы, китеп окуган адам калган жок дегендер жаңылышат. Бир жумада 2-3 китепти окуп бүтүрүп, акыркы акчасына китеп сатып алгандар азыр да бар. Бүгүнкү каарман — Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну Байаман Бобулов. Ал акыркы окуган китеби жана китеп окуу маданияты менен бөлүштү.

Каарманыбызды китеп дүйнөсүнө Төлөгөн Касымбековдун «Адам болгум келет» чыгармасы аралаштырган.

«8-9-класстарда окуп жүргөндө абдан тентек, спорт менен машыккан бала элем. Дарыгерлер спорт менен машыгуу көзүмдүн көрүүсүн начарлатарын, машыгууну токтотуу керектигин айтышты. Ошентип 10-11-класстарда окуп жүргөндө китепканада жашап калдым. Дененин мүчөлөрүн дайыма чыңалтып турбасаң алсызданып калгандай эле, мээни да кыймылга келтирип туруу керек. Китеп окубаган адамдын ой жүгүртүүсү токтоп калат», - дейт Байаман Бобулов.

баяш 3

Төлөгөн Касымбековдун чыгармалары Байаманга катуу таасир тийгизгенин жана жазуучунун «Сынган кылыч» чыгармасын эки жолу окуганын, аны кайра дагы окуй турганын айтат.

«Адабиятта "Кел-кел" романы менен "Сынган кылыч" бири-бирин улаган чыгармалар. Биринчи окуганда чыгарма такыр түшүнүксүз болду. Себеби окуянын ортосу баш жагында берилип калган. 256-беттен кийин гана түшүнүп баштайсың. Окуялар жана каармандар эң көп чыгарма. Кагазга каармандардын атын жазып алчумун, себеби аягына жеткенче башындагы каармандарды унутуп калышың мүмкүн. Бул чыгарманын негизинде 5-6 тасма тартса болот. "Курманжан датка" тасмасы дүйнөнү таң калтырды. Ал окуя чыгарманын кичинекей гана бөлүгү. Жазуучудан көп эмгекти талап кылган роман. Чыгарманы эки жолу окудум, дагы үч жолу окусам сиңире алам. Саясаттын сасык экенин 17-18-кылымдардагы окуялардан эле билсек болот. Ошондогу саясий оюндар бүгүнкү заманда деле болуп жатат», - дейт ал.

Байаман Бобулов китепти тандоону билбесең тажрыйбасы бар адамдан суроо керектигин белгиледи.

«Бир агайымдын сөзү эсимде. Ал "китеп тандоону билбесең жүз пайдасыз китепти окуп көрсөң, арасынан бири пайдалуу болот" деген. Текчеде тизилген китептин баары эле таасир бере албайт. Акыркы күндөрү кантип байып кетүү керектиги жөнүндөгү китептерди көп сатып алышат. Андан рухий байлык ала албайсың. Китепти жазган адам менен окуган адамдын деңгээли бирдей болбосо, аны окугандан пайда чыкпайт. Китепти көбүнчө китепканада окуйм, аурасы жагат. Ал жерде иштеген эжелер да бутунун учу менен басышат. Окуган адам ызы-чуу жерде да окуй берет деген сөз бар. Жакшы китеп үчүн кезекке туруп коюу керек. Жакшы китеп текчеде жок болот. Пайдалуу китептин барактары жаңы бойдон турбайт, барактары айрылганын алып окуу керек. Китепти атайын дүкөндөрдөн эмес, көбүнчө көчөдөгү орус аялдардан сатып алам. 100дөй китеп сатып алгам, бирок баарын окуган эмесмин», - деди ал.

Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» чыгармасындагы Ысмайыл Б.Бобуловду абдан таасирленткен.

«Жазуучубуз эркек болуп туруп аялдардын жан дүйнөсүн ачып бергени менен өзгөчөлөнөт. Мага Алимандын образы таасир калтырган, ал Толгонайдын көлөкөсүндө калган. Бирок мен үчүн таасирдүү образ. Агайым "Айтматовдун бардык чыгармаларын окуп бүтүп, андан кийин "Тоолор кулаганда" чыгармасын оку" деп айткан. Кыргыз адабиятынын алптарын окубай чет өлкөлүк, дүйнөлүк жазуучуларга өтүп кеткендерди түшүнбөйм. Мен кыргыз адабиятынан чыга албай жүрөм», - деген Байаман Бобулов китепти бош убакта эмес, атайын убакыт бөлүп окуйт.

баяш 4

Бир чыгарманы эки күндө окуп бүтүрөрүн айткан каарман: «Мээни эс алдырып окубасаң көзүң окуй берет, бирок мээң баш тартып калат. Китепти 30 сантиметр аралыкта окуш керек. Ар бир саатта 3-4 мүнөткө көздү эс алдыруу кажет. Себеби көзүң ошол аралыкка көнүп калат да, алысты көрүүсү начарлайт. Китепти лампанын жарыгында эмес, күндүн жарыгында окуу керек. Ошондо көзгө анча зыяны тийбейт», - деди.

Ал учурда А.Г.Станковдун «Үйлөнгөнгө чейин жана үйлөнгөндөн кийин эмнени билүү керек» китебин окуп жатат.

баяш

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×