Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусу, Ноокат 17.12.2018 11:37

Ноокатта үй өрттөнүп, от сарайга жайылды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 24 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 17-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Ноокат шаарынын Аэропорт-1 көчөсүндө жайгашкан турак үй толугу менен күйүп кетти. Ошондой эле өрт жайылып, үйдүн жанындагы сарайдын чатыры, тоют чөп күйгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жабыркаган жок.

Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу өрткө себеп болгон деп болжолдонуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×