Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Ош облусуКара-Суу району 17.12.2018 13:14 На русском

Кара-Суудагы каналга жеңил унаа кулап кетти (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа каналга кулап, 2 адам жаракат алды. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, окуя 16-декабрда саат 11:30 чамасында Шарк айыл аймагына караштуу Маданият айылында болгон.

Унааны ээси — Кара-Суу районунун 1972-жылы туулган тургуну Н.А. башкарып чыккан. Ал түндүктөн-түштүктү карай бара жатканда башкарууну жоготуп, жолдун четиндеги каналга кулап түшүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу менен жанындагы жүргүнчү — 1987-жылы туулган О.Г. жаракат алып, Ош облустук ооруканага жеткирилди.

Учурда Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×