Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусуКара-Суу району 17.12.2018 14:45 На русском

Кара-Суудагы жол кырсыктан 18 жаштагы айдоочунун унаасы талкаланды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суудагы жол кырсыктан кийин 17 жана 18 жаштагы жабырлануучулар ооруканага түштү. Окуя кечээ, 16-декабрда саат 17:30 чамасында Кыргыз-Чек айылында, тактап айтканда Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там эл аралык маанидеги автоунаа жолунун 6-чакырымында болгон.

Алай районунун 2000-жылы туулган тургуну (эркек киши) «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасы менен Алайдан Ош шаарын көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыкканда «Субару Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Алай районунун 1987-жылы туулган тургуну И.А. башкарып жүргөн. Кырсыктын кесепетинен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчү — Алай районунун 2001-жылы туулган тургуну К.Ж. жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилди.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×