Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Ош облусу, Ош 17.12.2018 15:37 Жаңыланды: 17.12.2018 17:58 На русском

Баткендин прокурору А.Мамажакыпов эмгек өргүүдөн жумушка чыгып, 6 күндөн кийин көз жумган (видео)

Turmush -  Киши колдуу болуп көз жумган Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жакындары бүгүн, 17-декабрда АКИпресс-Ошто маалымат жыйынга чогулушту. Алардын пикири боюнча, анын өлүмүн бир адам уюштурган эмес. Бул ишке көп адамдын катышуусу мүмкүн.

Маркумдун жакындары менен айылдаштарынын айтымында, анын бою 183 см болсо, салмагы 90 кг жеткен.

Ош

Өзүн маркум Анарбай Мамажакыповдун жакын тууганы деп тааныштырган Абдылда Темирбердиев прокурордун өлүмүнө байланыштуу шектүү жагдайлар бар экенин айтты.

«Кантип эле жалгыз адам өлтүрүп койсун? Кылмышка шектүү 60 кг салмакта экен. Ал эми Анарбайдын бою 183 см, салмагы болжол менен 90 кг болчу. Анан кантип кантип 60 кг салмактагы бир адамга чамасы жетпей калат?... Шектүү кылмышты жалгыз өзү кыла албайт болчу. Ошондуктан президентке кайрылабыз. Тергөө ачык-айкын өтсүн. Анткени сырдуу жагдайлар абдан көп болуп жатат. Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, тергөөнүн ачык-айкын өтүшүн өлкө башчыдан, башкы прокурордон суранабыз.

Алардын аңчылыкка чыкканы мыйзамсыз болгон. Бул кылмышка баргандар абакка өмүр бою кесилиши керек. Маркум прокурор менен аңчылыкка барган кесиптештери эмне үчүн убактылуу абакка киргизилбейт?», - деди А.Темирбердиев.

А.Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыповдун айтымында, уулуу эмгек өргүүдөн кайткандан кийин 6 күн өтүп киши колдуу болгон.

«Бүгүн баламдын дүйнө салганына 30 күн болду. Балам кесиптештери менен аңчылыкка барып, киши колдуу болгонун уксаңар керек. Менин оюмча баламды өлтүрүү атайын уюштурулган. Атайын уюштурулбаса эмне үчүн бир унаа менен эле барышып, кайра эки унаа менен кайтып жатышат? Окуя болгондон 3-4 күн өткөндөн кийин уулумдун кесиптештери Чоң-Алайга (маркумдун туулган айылы) барышты. Алар менен сүйлөшүп кетирдим. Унааларын да алыс жакка токтотушуптур. Балама канча күн эмгек өргүүсү берилгенин билбейм, бирок дүйшөмбүдө жумушка чыгып, 6-күнү кайтыш болуп жатпайбы», - деди К.Мамажакыпов.

Ал эми Сайдилла Пазылов маркум 20 жылдан бери прокуратура органдарында эмгектенип келгенин билет.

«Мен Анарбайга жакын тууган болом. Буга чейин Таластагы прокуратурада иштеген. Ал жактан эл алкоого алып узатышыптыр. Анарбай чындыкты туу туткан адам эле. Бул иш уюштурулган. Ушунун артынан 43 жаштагы жигит кайтыш болуп жатат. Ушул иштин акыйкаттуу иликтенишин каалайбыз», - деди Пазылов.

Ош

Рахман Алмаматов маркум прокурорду өлтүрүү жалгыз адамдын колунан келбесин белгиледи.

«Кылмышка шектүү катары 1 эле адам эмес, көп адам болушу мүмкүн. Биздин версиябыз боюнча кылмышка көп адамдардын тиешеси бар. Бул иштин тергөөсүнө канааттанбай калдык. Эмне үчүн аңчылыкка чогуу баргандарды кармашпайт? Алар сайраңдап жүрө беришеби?

Кылмышка шектүү капыстан атып алып, тамекиси курткасына түшүп кетип, аны унаага жаба койгондо унаа күйүп кеткен деген версияга жаш бала да ишенбейт. Аны өлтүрүү жалгыз адамдын колунан келбейт болчу», - деди Алмаматов.

----------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Маркумдун денеси 18-ноябрга караган түнү Төрт-Күл суу сактагычы тараптан табылган.

Сүрөттө: Аңчылыкка чогуу чыккан кесиптештер: Ак бут кийимчен А.Мамажакыпов, оңдон биринчиде шектүү

Мамажакыпов

Анарбай Мамажакыпов ата-энесинин үйүндө — Оштун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Чак айылында 19-ноябрда акыркы сапарга узатылды. Анын артында 4 баласы калды.

Анарбай Мамажакыповдун өмүр баяны жана эмгек жолу бул шилтемеде.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, прокурорду өлтүрүүгө шектелген адам мас абалда болгон. Ал эми өздүк булактардын маалыматына караганда, прокурорду өлтүрүүгө шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды. Ал 2 айга камакка алынган болчу.

Ал эми Анарбай Мамажакыпов менен ошол күнү аңчылыкка чыккан башка прокурорлор кызматынан бошотулуп, үстүнөн иликтөө жүрүп жатканын 29-ноябрдагы маалымат жыйында Башкы прокуратуранын ыкчам издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү көзөөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчиси Замир Бейшекеев билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
49.04% (821)
«РСК Банк»
31.3% (524)
«Капитал Банк»
5.56% (93)
...
Всего голосов: 1674
×