Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусуӨзгөн району 17.12.2018 16:10 Жаңыланды: 17.12.2018 18:19 На русском

Өзгөндүк киши аялынын төшүнө жана мойнуна бычак сайган

Turmush -  Өзгөн райондук соту аялына кордук көрсөткөн деп айыпталып жаткан Фарух (ысымы өзгөртүлдү) аттуу шектүүгө карата өкүм чыгарды. Соттун токтомундагы маалымат боюнча, жубайлардын чыры 2018-жылдын 12-августунда башталган.

Жубайлар Куршаб айылындагы үйүндө урушуп, саат 15:30 чамасында Фарух жубайы Зухранын (ысымы өзгөртүлдү) төшүнө жана мойнуна бычак сайып, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Айыпталуучунун айтымында, ал ошол учурда дарбыз кесип жаткан. Жубайы экөөнүн ортосунда уруш чыкканда жубайын түртөм деп жатып колундагы бычак Зухранын мойнуна жана төшүнө тийген. Андан кийин шок абалда өзүнүн курсагына бычак сайганын айткан.

Аялы менен мамилеси жакшы экенин белгилеген айыпталуучу учурда бирге жашап жатышканын жана 4 балалуу экенин кошумчалады. Ал эми Зухра күйөөсүнүн сөзү чын экенин тастыктаган.

Жыйынтыгында сот тарабынан Фарух күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга эркинен ажыратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×