Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуКара-Кулжа району 18.12.2018 08:22 Жаңыланды: 18.12.2018 09:46 На русском

Кара-Кулжада Ш.Жээнбеков атындагы интернат лицейдин жаңы имараты ачылды

Turmush -  Кара-Кулжа районунда Шарип Жээнбеков атындагы интернат лицейдин жаңы курулган имараты ачылып, билим берүүнү баштады. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Кара-Кулжа айылынын борборундагы мекеме президент Сооронбай Жээнбековдун атасынын ысымынан аталган.

Ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков, араб өлкөлөрүнөн келген демөөрчүлөр, Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Лицей 300 орунга ылайыкташып, 2 кабаттуу болуп, 12 окуу класс, 1 чоң зал, 3 лабораториялык бөлмө, 1 китепкана, 1 буфет, 2 ажаткана, бир техникалык бөлмө кошо курулган.

Мындан мурда аталган лицейдин эски имараты 4-класска чейинки окуучуларга гана билим берип келген. Ал имараттын эскилиги жеткендиктен, толугу менен бузулган. Курулуш иштери 2018-жылдын 3-июлунда башталып, 5 айда аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×