Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Ош облусу, Ош 18.12.2018 11:58

Ноокатта от менен ойногон балдар чөп, тезек жана сарайды өрттөштү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 21 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 18-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ош шаарынын Артыков көчөсүндө жайгашкан «Достук» ААК эмерек жасоочу цехинин чатырында өрт чыгып, жыгачтар күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы Шаңкол айылында мал сарайдын 104 чарчы метр чатыры, 400 түк чөп жана 1 тонна тезек толугу менен күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. От менен ойногон балдар өрттү тутанткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×