Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 19.12.2018 08:01

Өкмөт башчылардын жолугушуусу: Андижан менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 95 млн долларга жетти (видео)

Turmush -  Быйыл, 2018-жылы Өзбекстандын Андижан облусу менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 95 млн долларга жеткен. Бул тууралуу Андижан облусунун губернатору Шухрат Абдурахманов кечээ, 18-декабрда Ош шаарында өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда билдирди.

Шухрат Абдурахманов: «Бүгүн эки президенттин каалоосу менен саясий жана башка мамилелер чыңдалып жатат. Маселен, Андижан облусу менен Кыргызстандын 2018-жылдагы товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 95 млн долларга жетти. Бүгүн ушул жолугушуулардын негизинде Андижандан келген ишкерлер менен Кыргызстандагы ишкерлердин ортосунда 5 млн долларлык келишимге кол коюлду. Тактап айтканда, 2018-2019-жылдардын жүрүшүндө Андижан облусу менен Кыргызстандын ортосунда 210 миллион долларлык келишимдерибиз бар. Бул келишимдерди ишке ашыруу үчүн дагы бир жолу сүйлөшүп жатабыз»,-деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×