Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 19.12.2018 08:40 На русском

«Айрым эжелердин күйөөлөрү дивандын астын, шкафты ач деп текшерет»: Стамбулда иштеген Кенженин жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун 28 жаштагы тургуну Кенже Ганы кызы 3 жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарында эмгектенет. Ал бул өлкөдө эмгектенген аялдар тууралуу кыргыз жигиттердин арасында терс пикирлер бар экенин айтат. Мекендеш менен аймактык кабарчы маек курду.

Анын айтымында, өзү тууралуу ар түрдүү пикирлерди уккан кыз-келиндер ал сөздөргө көнүп калышат.

«Кыргызстанда жүргөндө эле түрк тилин билгендиктен түрктөр менен иштешчүмүн. Өзгөндүк эже аркылуу агенттиктердин бири менен байланышып, Түркияга келдим. Жакындарым "Сирияга өткөрүп, клубдарга барып сатып жиберишет" дешкен. Бирок мен өзүмө ишенгем. Эмнеге Орусияга эмес, Түркияга барганымды сурашат. Орусияда эмгек акыны топтоо кыйын. Ал үйдүн ижара акысынан, жол киреден ашпайт. Алгач келгенде үй кызматкери болуп иштеп жүрдүм. Тилди билгеним менен менталитет жана жер башка болгону үчүн ыйлап, кыйналып жүрдүм. Өз үйүмдө кылбаган жумуштун баарын жасадым. Түрк аялдарынын тилин табуу кыйын, кежир болушат. Айрым учурларда бөлмөмө кирип ыйлап алчумун. Учурда текстилде маникен болуп иштейм. Мага карап кийим тигишет», - деди ал.

Бул шаарда жашап жана иштеген кыргыз аялдар эс алуу күндөрү чогулуп, бири-биринин маселесин угуп турушат. Алар балдарына болгон кусалыгын көп айтышат.

«Эс алуу күндөрү бугубузду чыгарганы деңизге барабыз. Ыйлап бүтүп, жылмайып сүрөткө түшүп, социалдык тармакка жарыялап койсок бизди жыргап жүргөндөй элестетишет. Бул жактагы эжелер кайсы гана учур болбосун "балам эмне кылып жатат, курсагы ток бекен" деп кайгырышат. Кээ бир эжелердин күйөөлөрү түндө видео чалуу аркылуу сүйлөшүп, "дивандын астын, шкафты ач" деп текшеришет. Намыстуу экен эмнеге жиберди деп жиним келип жүрдү. Акча үчүн бирөөнүн үйүнө малай кылып жиберишип, айлыгынын ар бир сомунун отчетун алышат. 30 жаштагы уулун үйлөнтүү үчүн 50дөн ашкан апалар иштеп жүрүшөт. Күйөөсү таштап кеткен же каза болгон эже-апалар жер алып, үй салуу үчүн ушул жакка келишет», - дейт ал.

Кенженин айтымында, түрк аялдарынын көпчүлүгү иштешпейт. Эртең менен жумушка кеткендей жасанып, курбулары менен дүкөн кыдырып сулуулук салонуна барышат.

«Аялды сыйлаганды түрк эркектеринен көрдүм. Муну менен кыргыз эркектерин жамандагым келбейт. Аялдары кечки тамакты ресторандан буйрутма кылышат же биз жасайбыз. Кээде күйөөлөрү өздөрү тамак жасап берип, жылына бир жолу эс алдырып келишет. Түркияда 80 облус болгондуктан аялдарын чет өлкөгө чыгарышпайт. Кээде адашып жол сурасаң өзү билбесе да, башка бирөөдөн сурап берет», - деди ал.

Кенже Ганы кызы: «Ооруп калган, жардамга муктаж аялдар тууралуу эч ким үн катпайт. Бирок бир бузулган аял тууралуу маалымат болсо баары талкуулап калышат. Башка улуттун кыздарынын арасында деле бузукулар бар. Бирок биздин кыргыз эркектериндей абийирин төкпөй, жаап-жашырышат. Түркияга барып келгениңди айтсаң башкача көз караш менен карашат», -деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×