Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Кара-Суу 19.12.2018 11:11

Кара-Сууда 4 кабаттуу үй куруп жаткан адамга 100 миң сом айып салынды

Turmush -  Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында 34 батирлүү үйдүн ээсине 100 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсупов билдирди.

Рысбек Юсупов: «4 кабаттуу үйдүн ээсинин курулушка тиешелүү документтери жок болгону үчүн 100 миң сом айып пул салдык. Бүгүнкү күндө анын акчасы өндүрүлдү», - деди.

Буга чейин Ош шаарындагы Анар кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн ээсине 100 миң сом айып салынган болчу. Ал курулуш компания тиешелүү документтерди убагында алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×