Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 20.12.2018 12:27

Өзгөндө быйыл да жаңы жылдык балаты орнотулган жок

Turmush -  Жаңы жылга карата Ош облусундагы бардык райондордо балаты орнотулуп жатат. Бирок акыркы 3 жылдан бери Өзгөн районунун жашоочулары жаңы жылды балатысыз тосуп келишет.

Өзгөн районунун акиминин орун басары Рахимбек Мырзакуловдун айтымында, балаты орнотуу ишин Өзгөн шаардык мэриясы аткарышы керек.

«Жаңы жылдык балатыны Өзгөн шаардык мэриясы орнотушу керек. Ал эми Өзгөн районунун акиминин балаты майрамы эртең, 21-декабрь күнү Ленин орто мектебинде уюштурулат. Ага 100 окуучу чакырылган», - деди ал.

Ал эми Өзгөн шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Рахманжан Атаджанов балаты унаа тыгындарын жаратпоо үчүн орнотулбай турганын билдирди.

«Биздин борбордук аянт Ош—Бишкек жолунун боюнда жайгашкан. Мындан улам 3 жылдан бери жаңы жылдык балаты да орнотулбайт. Анткени балаты орнотулса жол тыгыны пайда болот. Жергиликтүү тургундар да балаты орнотууну каалашпайт. Ошондуктан мэрдин балаты майрамын мектептердин биринде гана уюштуруп келебиз. Быйыл аз камсыз болгон, мыкты окуган 350 окуучуну майрамга чакырганбыз», - деди ал.

Учурда облустун башка райондорунда балаты орнотуу иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×