Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуКара-Кулжа району 20.12.2018 14:26 На русском

Кара-Кулжада 4 уй, 2 музоо жана 1 тай кар көчкү алдында калды

Turmush -  Куткаруучулар кар көчкү түшкөн Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолуна жөнөп кетишти, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министри.

Унаа жолдун 74-86-чакырымында, тактап айтканда Тамчы тилкесинде болжол менен жалпы көлөмү 45 000 метр куб кар көчкү түшкөн. Ошондой эле Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жайгашкан сарайга кар көчкү түшүп, 4 уй, 2 музоо, 1 тайды басып калган.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүү максатында Ош облусунун башкармалыгынан, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 30 куткаруучу жөнөп кетишти. Учурда 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч жолду тазалап жатат.

Буга чейин ӨКМ Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолу аба ырайы турукташканга чейин жабылганын билдирген.

Ал эми жергиликтүү тургундар билдиргендей, эки күндөн бери тынбай жааган кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан. Мындан улам Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар, Ой-Тал, Алайкуу айыл өкмөттөрүндө негизги жана ички жолдор жабылып, байланыш токтогон.

«Тез арада карды тазалоо керек. Анткени жол жабылып, эл ооруканага, район борборуна каттай албай жатат», - деген жашоочулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×