Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 20.12.2018 17:54 На русском

Ошто жактоочу сабалганын айтып, милицияга арыз жазды (видео)

Turmush -  Ош шаарында жактоочу Айсалкын Карабаева сот ишине байланыштуу сабалгандыгын айтып чыкты. Ал учурда Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатат.

Айсалкын Карабаеванын айтымында, 17-декабрь күнү Папан айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эрмат Исмаиловдун жер маселесине байланышкан сот ишине катышып, чыгып келе жатканда Кара-Суу райондук сот залынын алдында Исмаиловдун тарапташтары ур-токмокко алган.

1

«Соттон чыгып келе жатсам сотко тиешеси жок Эрмат Исмаилов алып келген адамдар мени жакалап, урушту. Качууга аракет кылдым, бирок алар чоң жолго чейин кубалап келишти. Ал учурда жалгыз болчумун. Ал эми алар 10дой адам эле. Чоң жолго чейин кубалап барып, шылдыңдап, видеого тартышты», - деди Карабаева.

Шаардык оорукананын дарыгерлери билдиргендей, А.Карабаеванын баш мээси чайкалган.

Дарыгер Талант Калыков: «Ал ооруканага 18-декабрь күнү саат 11:00дө кайрылган экен. Нөөмөттөгү дарыгер кабыл алып, бөлмөгө жаткырган. Анын баш мээси чайкалган, учурда дарыланып жатат. Бүгүнкү күндө абалы жакшы», - деди.

2 Жактоочу Ош облустук ички иштер башкармалыгына арыз жазган. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

«Карабаева 17-декабрь күнү Ош ОИИБдин тергөө кызматына арыз менен кайрылган. Арызда Кара-Суу районундагы сот залында аны бир нече жарандар сабаганы жазылган. Учурда арыздын негизинде тергөө жүрүп жатат. Топтолгон материалдар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуяга тиешеси бар адамдар да суралууда. Бирок алар өздөрүнүн айыпсыз экенин айтып жатышат», - деди ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

3

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары айыл өкмөттүн мурунку башчысы Эрмат Исмаилов жерлерди мыйзамсыз бергенин айтып, тиешелүү органдарга кайрылган. Анын негизинде иш Кара-Суу райондук сотуна өткөн болчу. Бирок ушул күнгө чейин соттун бир тараптуу чечими чыкпаганына папандыктар нааразычылыгын билдирип, бир нече жолу маалымат жыйынына чогулушкан.

А.Карабаева Папан айыл өкмөтүнүн айрым жашоочуларынын жактоочусу.

«Мына 5-6 ай болду, соттун жыйынтыгынан же прокуратурадан кабар жок. Бул арада бизге да коркутуулар болуп жатат. Булар биздин жактоочубузду сабашты. Бир тыянак чыгарышабы же чыгарышпайбы?», - деди Папан айыл өкмөтүнүн тургуну Гүлжамал Казиева.

4

Ал эми аты аталган Эрмат Исмаилов жактоочуну сабаган адамдар анын тарапташтары эмес экенин айтты.

«Ал жакта менин тарапташтарым жок болчу. Алар менин тарапташтарым эмес. Бул окуя боюнча кабарым жок, аны ким сабагандыгын билбейм», - деди Исмаилов.

Акыркы айларда Кара-Суу райондагы айыл өкмөт башчылар дын айланасындагы чырлардын аягына чекит коюлбай келет. Мисалы, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы айылдын ички көчөсүнө үй салууга жарандарга токтом чыгарып берсе, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын дипломун Ош шаардык жана облустук соту жараксыз деп тапкан. Бул арада Папан айыл өкмөтүнүн мурунку башчысынын жана анын жооптуу катчысынын иши Кара-Суу райондук сотунда каралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×