Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуКара-Кулжа району 20.12.2018 22:52 На русском

Кардын калыңдыгы 1 метрден ашты: Кара-Кулжада 8 бодо мал кар көчкү алдында калды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунда кардын калыңдыгы 1 метрден ашып, кар көчкү 8 бодо малды басып калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн, 20-декабрга караган түнү саат 02:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл аймагына караштуу Кара-Таш айылында кар көчкү жүрүп, мал сарайды басып калды. Сарайда 8 бодо мал, 2 тай болгон. Эки тайды эл тирүү алып чыгышса, калган 8 бодо мал өлүп калган. Учурда кардын калың жааганынан улам Алайкуу өрөөнүндөгү жашоочулар мектеп, бала бакча, үйлөрдүн, сарайлардын чатырларын кардан тазалашууда. Анткени бир үйдүн чатыры карды көтөрө албай калган. Эки күндөн бери жаап жаткан кардын калыңдыгы 1 метр 20 см жетип, ички жолдор жабылган.

Буга чейин ӨКМ куткаруучулар кар көчкү түшкөн Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолуна жөнөп кетишкенин билдирген.

"Унаа жолдун 74-86-чакырымында, тактап айтканда Тамчы тилкесинде болжол менен жалпы көлөмү 45 000 метр куб кар көчкү түшкөн. Ошондой эле Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жайгашкан сарайга кар көчкү түшүп, 4 уй, 2 музоо, 1 тайды басып калган", - деп билдирген ӨКМ.

Кар көчкү түшкөн Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолу аба ырайы турукташканга чейин жабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×