Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 21.12.2018 11:28

Ошто жаш манасчылардын сынагы өттү. Жеңүүчүлөр Ысык-Көлдө эс алат (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» тарыхый музейинде алгачкы жолу жаш манасчылар арасында сынак өтүп, 10 катышуучу Ысык-Көлгө жолдомо алды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Диларам Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, сынак эки жаш өзгөчөлүк боюнча өтүп, 60ка жакын жаш манасчылар катышкан.

«Сынакты Оштогу белгилүү манасчы Сыргак Мурзакаримов уюштурду. Жалпы Ош облусу боюнча 60ка жакын жаш манасчылар катышты. Сынактын жүрүшүндө ар бир манасчы "Манас" эпосунан үзүндү айтып, өздөрүнүн мыкты манасчы экенин далилдешти. Сынак эки жаш өзгөчөлүк менен — 6 жаштан 12 жашка чейин, 13 жаштан 16 жашка чейинкилер арасында өттү. Бул сынакка эң көп Ноокат районунан жаш манасчылар катышты. Жыйынтыгында 10 окуучуга Ысык-Көлгө жолдомо берилди», - деди Д.Нуралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×