Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 24.12.2018 10:56 На русском

Ошто баш ийбеген айдоочуну токтотуу үчүн ок чыгарган тескөөчү жөө жүргүнчүнү жарадар кылды. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Ош шаарында эреже бузган айдоочуну токтотуу үчүн ок чыгарган милиция кызматкери жөө жүргүнчүнү жарадар кылды. Учурда окуя иликтенип жатканын Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-декабрда саат 11:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүлөрү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кара түстөгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа бардык терезелерин толугу менен караңгылатып жүргөнүн көрүшкөн. Тескөөчүлөр аталган айдоочуга унааны токтотуу үчүн белги беришкенде ал каттуу ылдамдыкта өтүп кеткен. Унаанын артындагы мамлекеттик белгилери да жок болгон. Бул окуя боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тиешелүү багыттама жарыялашкан.

«Ошол эле күнү болжол менен саат 17:30 чамасында аталган автоунаа жогорудагы кызматкерлер тарабынан Ош шаарынын Ленин көчөсүндө табылып, аны токтотууга аракеттер көрүлгөн. Айдоочу кайрадан токтобой, жолдун каршы тилкесине чыгып, жарандардын өмүрүнө коркунуч, авариялык кырдаал жаратып, каттуу ылдамдыкта кетип калган. Кызматкерлер кызматтык унаа менен айдоочунун артынан Исанов көчөсүндө жайгашкан "Народный" дүкөнүнүн алдына чейин барып, унаа менен алдын тороп токтотушкан. Инспектор, милициянын сержанты токтотулган автоунаага бара жатканда айдоочу унааны милиция кызматкерин көздөй айдаган. Инспектор качууга аракет жасаган, бирок унаа анын оң бутун тепселеп кеткен. Ал эми айдоочу унаасы менен качып жөнөгөн.

Аны тез арада токтотуу максатында милиция кызматкерлери артынан түшүп, Ош шаарынын Сүйүнбаев көчөсүнө жеткенде кууп жетип, токтоону талап кылышкан. Бирок айдоочу жолун уланта берген. Милиция кызматкерлери унааны токтотуу максатында табелдик куралы менен унаанын алдыңкы дөңгөлөктөрүнө карата ок чыгарган. Атылган ок автоунаанын алдыңкы сол тарабындагы дөңгөлөктүн үстүнө (крыло) тийип, андан кайып өтүп, жол четинде бара жаткан Ош шаарынын 1961-жылы туулган тургунуна тийген. Ок жөө жүргүнчүнүн баш сөөгү менен баш терисинин ортосуна туруп калган. Жөө жүргүнчү менен бутунан жабыркаган кызматкер Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, тез жардам көрсөтүлгөн. Учурда алардын өмүрүнө коркунуч жок.

Ал эми Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерден качууга үлгүргөн айдоочу бир саатка жетпей Төлөйкөн айылынын Ош шаарына караштуу аймагынан кармалды. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын 1999-жылы туулган тургуну, ИИМдин атайын базасынын тизмесинде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда каракчылык менен соттолгон А.А. экени аныкталды. Ал КРнын жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа атайын токтотуучу жайга коюлду. Автоунаадагы мамлекеттик номур жасалма экендиги аныкталды», - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Учурда бул факты боюнча күбөлөр суралып, Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жагдайды толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө багытталган алгачкы текшерүү аракеттери жүргүзүлүүдө. Кызматкерлердин курал пайдалангандыгы боюнча анын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×