Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 24.12.2018 11:36 На русском

Ошто итке таланган 3 бала ооруканага түштү

Turmush -  Ош шаарында итке таланган 3 жаш бала ооруканага жаткырылды. Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасы тастыктаган маалымат боюнча, окуя кечээ, 23-декабрь күнү болгон.

Балдардын экөө Ош шаарынын Амир-Темур аймактык кеңешинен иттерге таланса, үчүнчүсүн Ош шаарынын Ташкент көчөсүнөн ит тиштеп алган. Учурда балдардын абалы туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар 7, 8 жана 11 жаштагы балдар экени аныкталды.

Учурда иттердин кутурганы же кутурбаганы боюнча Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы текшерүү жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×