Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 24.12.2018 18:01 На русском

Ошто 21 жаштагы келинди карактап кетишти. Шектүүлөрдүн арасында кыздар бар (сүрөт)

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы каракчылыкка шектүү топту колго түшүрүштү. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаган 21 жаштагы келиндин үйүнө бир нече жаш жигиттер жана кыздар кирип, ага бычак такап коркутушкан. Алар жабырлануучунун үйүнөн 1,5 миң АКШ долларын, «Айфон-6» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 13 миң сомун, 3,5 миң сомдук курткасын жана башка буюмдарын алып кетишкен.

каракчылык

Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү аракеттер көрүлгөн. Бул факты ШИИБге каракчылык катары катталып, иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында 24-декабрга караган түнү бул кылмышка шектелип Ош шаарынын жана Ош облусунун 5 жашоочусу (2 жигит, 3 кыз) кармалды. Алардын арасында жашы 18ге толо электери да бар. Алардан жабырлануучунун үйүнөн жоголгон айрым далил буюмдар алынды.

Учурда тергөө иштери башталып, кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.

Turmush басылмасына маалым болгондой, кармалган 5 адамдын арасында Ош шаарындагы кыздардын мушташы боюнча кылмыш иштеги башкы фигурант бар.

-------------------------------------------------------------------

Буга чейин социалдык тармактарга окуучу кыз канжалаганча сабалганы тартылган видеотасма тараган. Булактардын билдирүүсү боюнча, бул окуя Ош шаарындагы Манас-Ата (мурунку ХБК) кичи районунун аймагында болгон.

Кийинчерээк Ош ШИИБ бул окуя боюнча расмий маалымат тараткан болчу.

Анда: «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери видеотасмага байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады. Окуя 2018-жылдын 21-ноябрында саат 11:00 чамасында болгон.

Видеотасмада бети канаган кыз шаардагы мектептердин биринин 11-классынын окуучусу. 2002-жылы туулган. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун жашоочусу, 2002-жылы туулган. Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда эки ирет: уурулук жана бейбашчылык боюнча жазаланган. Аны апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Кара-Сууга көчүп кетишкен.

Ал эми экөөнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан кыз — кара-суулук кыздын курбусу, эч жерде окубайт. Өзүнүн көрсөтмөсү боюнча, 15 жашында медреседе билим алып баштап, сокур ичеги болгондон кийин окуудан чыгып кеткен. Ал 2001-жылы туулган, Ош шаарында жашайт. Аны да апасы жалгыз баккан.


Учурда бул фактыга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүдө маалым болгондой, эки тарап 18-ноябрдан тарта социалдык түйүн аркылуу байланышып, урушуп кетишкен. Кийин жаңжалын чечүү максатында Ош шаарынын «Космонавттар» эс алуу багында жолугушууну сүйлөшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11:00 чамасында жолугушкан. Бул окуя мушташ менен аяктады.

Алар муну менен токтоп калбай, аталган эс алуу паркынан алыс эмес жердеги үйлөр тарапка барышып, жаңжалдарын улантышкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна жөнөткөн», - деп айтылган.

Кийнчерээк окуучу кызды канжалаганча сабаган өспүрүм кыз камакка алынбаганы маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×