Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Суу району 25.12.2018 10:07 На русском

Сүрөт: Кара-Суудагы жол кырсыктан өспүрүм каза болду

Turmush -  Кара-Суу районундагы унаа кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алып, өспүрүм көз жумду. Окуя 22-декабрь күнү саат 14:53 чамасында Ош—Эркеч-Там эл аралык автоунаа жолунун 3-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Медресе айылында болгон.

Кара-Суу районунун 1984-жылы туулган тургуну М.А. «Мерседес-Бенц 308 D» үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатканда башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган тургуну Т. уулу Т. башкарып бара жаткан жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Бул окуядан «Мерседес-Бенц 308 D» үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүлөрү — Кара-Суу районунун тургуну А.О. (1979-жылы туулган), Ж. кызы А. (1978-жылы туулган) жана Б.Б. (2001-жылы туулган) денесинен жаракат алып, Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Өзгөн районунун 2011-жылы туулган тургуну Ж.А. оор жаракаттын кесепетинен ооруканага жетип каза болгон.

Унаа кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×