Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуАраван району 25.12.2018 11:45 На русском

Араван райондук төрөт бөлүмүнө кылмыш иши козголду

Turmush -  Араван райондук төрөт бөлүмүндөгү мыйзамсыз иштерге байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Араван райондук прокуратурасынан билдиришти.

Маалымат боюнча, Араван райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн Төө-Моюн филиалынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Алдын ала макулдашуу менен 2018-жылдын сентябрь айында расмий документтерге жалган маалыматтар жазылып, анын негизинде Баткен облусунун тургуну башка аял төрөгөн ымыркай кызды өзүнүн баласы кылып каттатып алган. Ошондой эле филиалдын кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аягына чыгаруу максатында аталган аялдын төрөт баяны жана ымыркайга байланыштуу документтерди жасап, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн медициналык аныктамасын мыйзамсыз жазып беришкен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү жана 315-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери аныкталган. Ушул жылдын 30-октябрында райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, азыркы учурда райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×