Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуНоокат району 25.12.2018 15:22

Ноокаттагы мектептин 3 жыл мурун курулуп башталган имараты ачылды

Turmush -  Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Көк-Бел айылындагы мектептин жаңы имараты мындан 3 жыл мурда курулуп баштаган. Жаңы имарат бүгүн, 25-декабрда пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жаңы мекеме 225 орунга ылайыкталганын айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жумагүл Төрөканова билдирди.

«Н.Исанов атындагы мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталган. Буга чейин окуучулар эски эки имаратта окуп келишкен. Мектепте жалпы 437 окуучу бар.

Курулушка республикалык бюджеттен 26 млн 500 миң сом бөлүнүп, окуу жабдыктары да жаңыланды», - деди Жумагүл Төрөканова.

Мектеп

Мектеп

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×