Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Ош облусуНоокат району 26.12.2018 10:03

Ноокатта каракчылыкка даярданып жаткан шектүү кармалды

Turmush -  Ноокат РИИБдин кызматкерлери кылмыштын алдын алууга жетишип калышты. Ош ОИИБдин маалыматы боюнча, Криминалдык милиция кызматына жаңы жылдык майрамдын алдында Ноокат районунун аймагында каракчылык кылуу максатында жергиликтүүлөрдүн байлыгы боюнча маалыматтарды топтоп жүргөн адамдар туурасында маалымат түшкөн.

Декабрь айынын ортосунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Арсенал» аталышындагы иш-чара уюштурулуп, анын алкагында мурда соттолгон адам шектүү катары кармалган. Шектүү А. уулу Н. 1993-жылы Чоң-Алай районунда төрөлгөнү аныкталды.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн планы белгилүү болгон. Ал жергиликтүү колунда бар адамдар тууралуу маалыматтарды топтоп, аларга карата каракчылык кылууну пландаштырып жатканы ачыкка чыкты. Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×