Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Ош облусу, Ош 26.12.2018 10:15

Ошто эки жаш бала түтүнгө ууланды

Turmush -  Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 2 жаш бала түтүнгө ууланды, деп билдирди бүгүн, 26-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, жабыркагандар — 2011-жылы туулган Т.М. (кыз бала) менен 2013-жылы туулган Т.У. Ош облустук ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген. Учурда алардын абалы жакшы.

Ошондой эле өрттүн кесепетинен үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×