Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуКара-Суу району 26.12.2018 12:49

Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы У.Рахманов кызматынан убактылуу бошотулду

Turmush -  Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Рахманов кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Кара-Суу райондук администрациясынан билдиришти.

Ал 24-декабрь күнү Кара-Суу райондук прокуратурасынын сунушу менен кызматынан убактылуу бошотулган.

Буга чейин Нариман айыл өкмөтүнүн тургундары жерлер капчыктууларга мыйзамсыз берилип жатканын айтып, нааразычылык акциясына чыгышкан болчу.

Ал эми У.Рахманов: «Мен да мыйзамда эмне жазылганын билем. Менин бир эле башым бар. Эгер мен мыйзам бузсам, камалып кетеримди билем. Булар ар кимден "айыл өкмөт башчы жерди сатып жатыптыр" деген сөздөрдү угуп алышыптыр. 2009-жылы сугат жерлерди тартып берүүгө тыюу салынган. Азыр бизде трансформациядан өткөн жер бар. Бирок аны 2011-жылы ошол кездеги айылдык кеңеш сугат жер катары токтом чыгарып коюптур. Эми өкмөттүн токтому келе элек. Келсе мен да жер бермекмин. Бул иштердин баарын жеке кызыкчылыгы бар адамдар уюштуруп жатат», - деген.
Нааразычылык акциясына чогулгандардын бири Абылкасым Ажиматов айыл өкмөт башчынын диплому жараксыз болсо, ал айыл өкмөт башчысы үчүн арналган креслодо бир күн да отурбашы керек деп эсептейт.

«Анын диплому жараксыз деп табылган. Анан кантип кызматында отурат билбейм. Биз азыр Улукбек Рахманов жумуштан кетсин деген ураан астында чыгып жатабыз. Мисалы, мен такыр жер ала элекмин, 6 балам бар. Төрт келиним 1 үйдө жашап жатат. Өзүнө 4 жолу келдим. Бир жолу келгенде айыл башчыны кошо ээрчите келдим. Элди тоготпай жатканы ушул да», - деген Ажиматов.

Нариман айыл өкмөтүнүн дагы бир жашоочусу Фарида Эргешова такыр эле жер ала электинин айткан.

«Мага жер керек. Бала-чака, келин менен бир үйдө жашоо өтө кыйын. Ушул айыл өкмөттө жашап жатканыма 20 жыл болду. 1 сотых да жер ала элекмин. Кичүү уулум 18 жашка чыгып калды», - деген Эргешова.

Ошондой эле буга чейин Ош шаардык жана Ош облустук соту Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улугбек Рахмановдун дипломун жараксыз деп тапкан. Чечимге нааразы болгон У.Рахманов Жогорку сотко кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×