Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Озгон 26.12.2018 15:00

Өзгөн шаары Рахман Атаджановдун жетекчилигинде: Бюджет көбөйүп, жакшы шарттар түзүлдү (фоторепортаж)

Turmush -  Өзгөн шаарында бул жылы бир катар долбоорлор ишке ашып, жаңы жылга дагы бир катар пландар коюлду. Шаардык мэрия мэрдин милдетин аткаруучу Рахман Атаджановдун жетекчилигинде элге кызмат кылуу, инфраструктураны жакшыртуу аракеттерин улантмакчы.

Ал эми Жаңы 2019-жылга карата Р.Атаджанов жалпы элге куттуктоо жолдоду.

 Мэр Рахман Атаджанов

«Урматтуу кыргызстандыктар, жалпыңыздарды 2019-жаңы жылыныздар менен куттуктайм. Жаңы жылда элибиздин ынтымагы артып, жакшы ийгиликтер жаралсын. Жаңы жыл ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө ырыскы, бакыт берсин. Тынчтык менен өнүгүүнү алып келсин, ак калпак кийген элибизге байгер жашоону тартууласын. Жан дүйнөңүздөрдө ак кардай тазалык, жүрөгүңүздөрдө күн нурундай жылуулук болсун, үйүңүздөр мээримге толсун. Майрамыңыздар куттуу болсун!», - деп айтылат куттуктоодо.

Өзгөн шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Рахман Атаджановдун жетекчилигинде шаар аймагындагы көйгөйлөр чечилип, жалпы жергиликтүү бюджеттин көлөмү 73 млн сомдон 89 млн 645 миң 500 сомго жетти. Ошондой эле эки жыл аралыгында Өзгөн шаарында 88 млн 320 миң 800 сомдук инвестиция тартылган.

Бул кызматка 2 жыл мурун дайындалган Атаджанов Рахман Садикович 1970-жылы Өзгөн шаарында төрөлгөн. Билими жогорку. 1993-жылы Тажик техникалык университетинин Худженттеги филиалын аяктап, инженер-механик боюнча жогорку билимге ээ болгон.

- Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин эмгек жолун 1993-жылы КЗОСС чарбасында МТМ бөлүмүндө мастер болуп иштөө менен баштаган;

- 1999-2006-жылдары аталган ишканада инженер, механик;

- 2006-2008-жылдары «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасында башкы адис;

- 2008-2009-жылдары «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору;

- 2009-2012-жылдары Өзгөн шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси;

- 2012-2013-жылдары Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы;

- 2013-жылдан ушул мезгилге чейин Өзгөн шаарынын вице-мэри;

- 2017-жылдын 28-июлунан тартып Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткарууда.

Рахман Атаджановдун аткарып жаткан иштери бааланып, райондук, облустук мамлекеттик администрациялардын жана мамлекеттик мекемелердин ардак грамоталары, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүүөз алдынча башкаруунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

----------------------------------------------------------------------------------------------------

Билим берүү тармагы:

Учурда Өзгөн шаарында 7 орто мектеп, 1 мектеп-гимназиясы, мектепке чейинки 5 жана мектептен сырткаркы 3 окуу-тарбия мекемелери бар. Окутуу негизинен 2 мектепте кыргыз тилинде, 1 мектепте орус тилинде, 1 мектепте орус-өзбек тилинде, ал эми 4 мектепте өзбек тилинде жүргүзүлөт.

Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринде 890 мугалим тарификациядан өткөн. Алардын ичинен 548 (63,7%) мугалим жогорку, 113 (13,1%) мугалим атайын орто билимге ээ болуп, учурда бир нече мугалимдер жогорку окуу жайларда сырттан билим алууда.

Билим берүү мекемелерин окуу китептери, компьютерлер жана инвентарлар менен камсыз кылууда жана билим берүү мекемелеринин материалдык базасын чыңдоо багытында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан, демөөрчүлөр, ата-энелер тарабынан көмөк көрсөтүлүп келет. Окуучулардын китеп менен камсыз болушу шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 84,6%ды түзөт.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелериндеги окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо жана окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө шарт түзүүнү максатында 160 даана предметтик, 200 даана тестке даярдоо боюнча окуу китептери, мектептердин китепканаларына Ч. Айтматовдун томдук китептери алынып берилди.
Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу мектептерге 299 миң 24 сомдук стол, отургуч, шкаф, доска ж.б инвентарлар алынды. Мындан сырткары, «Эл аралык толеранттуулук фондунун «Камера балдардын колунда» аттуу доолбору аркылуу В.И.Ленин атындагы орто мектепке 216 миң 317 сомдук оргтехника алынган. Жалпысынан 2018-жылга карата Өзгөн шаарынын бюджетинин эсебинен билим берүү тармагына 27 млн 662 миң 671 сом акча каражаты каралды.

Өзгөн шаарындагы С.Шарипов атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын курулушуна 16 млн 404 миң 479 сом, Таштак кварталындагы Алишер Навои атындагы орто мектебиндеги балдар бакчанын курулушуна 11 млн 609 миң 392 сом, Бахмал участкасына балдар бакчасын ачуу үчүн 1 млн сом, Амир Темур атындагы орто мектебине балдарга ысык тамак уюштуруу үчүн жазылган долбоорду колдоого 743 миң сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен каралган. Мындан сырткары Өзгөн шаардык мэриясынын эсебинен олимпиадага катышуучу окуучулардын жол акыларына 35 миң сом, жалпы республикалык тестке окуучуларды даярдоо үчүн тест китептерин сатып алууга 151 миң сом, окуу китептерин сатып алууга 30 миң 400 сом, Ч.Айтматовдун томдук китептерин сатып алууга 17 миң 400 сом акча каражаттары жумшалды.

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата быйыл Өзгөн шаарында 3 социалдык объект ишке берилди.

Өзгөн шаарында ушул учурга чейин 3 муниципалдык балдар бакчасы иштеп келген. Балдардын бакчага баруу муктаждыгы курч болгондуктан Өзгөн шаардык мэриясынын жетекчилиги, жергиликтүү депутаттар, тийиштүү адистер балдар бакчанын санын көбөйтүүнү максат кылышкан. Жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 2018-жылдын 28-сентябрында Өзгөн шаарындагы Жаңы-Өзгөн кварталында жеке ишкер Ш.Касымовдун жеке менчик турак үйүнө 60 орундуу муниципалдык балдар бакчасы ачылды. Жеке ишкер Ш.Касымов өз турак үйүн балдар бакчасына пайдалануу үчүн ижара акысы жок, өзүнүн салымын кошуу менен берди. Ал эми 2019-жылга чейин Жаныбек казы кварталына да муниципалдык бала бакча ачуу пландалган. Учурда жеке менчик турак үй болуп турган имаратты бала бакчага айлантуу үчүн реконструкция иштери аяктады, жакынкы күндөрү ишке берилгени турат.

Спорт тармагы:

Жыл башынан бери Өзгөн шаарында спорттун бир нече түрлөрү боюнча мелдештер болуп өттү. Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталында кичи футболдук аянчанын ачылыш салтанатына карата жаштар арасында футбол оюну өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Өзгөн РИИБдин командасы 100 доллар, медалдар, диплом жана кубок менен сыйланды. 2-орунду ээлеген «Жээренчи» командасы 5 миң сом жана ушундай эле сыйлыктар менен сыйланса, 3-орунду ээлеген «Чымбай» командасына 2 миң сом акчалай сыйлыктар, кубок, диплом тапшырылды.

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына, Өзгөн шаарында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, шаардын жаштарын спортко тартуу максатындагы волейбол мелдешине Өзгөн шаарынын атынан атайын түзүлгөн балдар жана аялдар командасы катышып, аларды колдоого 16 миң 400 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Жыйынтыгында аялдар командасы 1-орунду алышты.

Ошондой эле 10-августтан 31-августка чейин шаардын Мажүрүм-Тал жана Ленин атындагы №2 орто мектебинин спорттук аянтчаларында Өзгөн шаарындагы кварталдар арасында мэрдин кубогу үчүн футбол оюндары өткөрүлдү. Ал эми Ош облусунун Алай районунда өткөн эрежесиз эр уруш боюнча мелдешке Өзгөн шаарынан катышкан спорттун чебери Коноков Эрмектин катышуусу үчүн 10миң сом акча каражаты берилди.

Жашыл шаар

Шаардын аймагына кызыл карагай, кайың жана башка көчөттөр отургузулуп, борбордук аянттарда гүлдөр эгилди. Көчөт, гүл көчөт жана газон уругун сатып алууга жалпысынан 358 миң 800 сом акча каражаты жумшалган. Алардын өсүшү үчүн тийиштүү шарттарды көрүү жагы кварталдык комитеттердин төрагаларына тапшырылды.

Ирригациялык тармактарды оңдоо

Өзгөн шаарынын ирригациялык тармагын оңдоп-түздөө үчүн 1 млн 299 миң 654 сомго тендер жарыяланган. Шаар ичиндеги ички жолдорду оңдоого 545 миң 900 сом каралып, тендер жарыяланып, иш толугу менен аяктады.

Ошондой эле түтүк сатып алууга тендер жарыяланып, 350 миң сомго суу түтүктөрү алынып, элди таза суу менен камсыз кылуу максатында Таштак, Мажүрүм-Тал, Жаңы-Өзгөн, Пайзабат кварталдарына орнотулду. Шаардын ички жолдорун түнкүсүн жарыктандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 48 миң 500 сом сарпталып, иш толугу менен аткарылган.

Долбоорлор менен иштөөгө колдоо көрсөтүү

Шаар ичинде 6 чакырым жолго шагыл төгүлүп, андан тышкары рнеспубликалык бюжеттин эсебинен 8 млн сом бөлүнүп, 1,6 км жол асфальтталды. Ошону менен бирге шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн астындагы 2,5 км жолго асфальт төшөлдү.
Шаардын борбордук Манас көчөсүндөгү эскилиги жеткен түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулардын ордуна жаңы заманбап светодиоддуу прожекторлор орнотулду. Ал эми Өзгөн шаарынын Мырза-Аке айыл өкмөтү менен чектеш тилкесиндеги Өзгөн деген жазууну оңдоп-түзөө жана 2 желек орнотууга 120 миң сом сарпталды.

Өзгөн шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин аймагындагы 100 орундуу бала бакчасынын долбоордук сметасы экспертизадан өткөрүлүп, учурда бала бакчанын курулушу башталды.

Ал эми архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жыл ичиндеги долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдатуу иштери үчүн 700 миң сом акча каражаты каралды. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгына ар түрдүү багытта жасалган иш кагаздары үчүн 293 миң 725 сомдук келишим түзүлүп, иш аткарылып, акча каражаты толугу менен каржыланды.

Мүлктү каттоо ишканасы менен мамлекеттик акт жасатууга 390 миң 40 сомго келишим түзүлүп, каржыланды.

Мэрдин балаты майрамы

Кечээ, 25-декабрда Өзгөн шаарындагы Курманжан датка атындагы орто мектебинин спорт залында Өзгөн шаарынын мэринин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Мэрдин балаты майрамына Өзгөн шаарындагы 8 мектептин окуучулары катышып, маданий оюн-зоок тартуулашты.

Майрамга шаардын аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесинен ажыраган балдар, мектепте жакшы окуган окуучулар чакырылып, атайын мэрия тарабынан даярдалган таттуулар жана мэрдин белектери берилди. Мындан сырткары ар бир мектепке предметтик окуу китептери, окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоочу китептер белек катары таратылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×