Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Ош облусу, Кара-Суу 02.01.2019 09:10 На русском

Айыл турмушу: Сарвинса Сыргатаева «Поле чудеске» катышып, Л.Якубовичке өзгөчө гүл берген (сүрөт)

Turmush -  57 жаштагы Сарвинса Сыргатаева Россиянын Биринчи каналындагы «Поле чудес» телеберүүсүнө катышып, алып баруучу Леонид Якубовичке пахтадан жасалган гүлдү белекке берген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Оштогу Кара-Суу шаарында төрөлүп өсүп, Базар-Коргондун Карача айылына келин болгон С.Сыргатаева Россиядагы балдарын көрүү үчүн аталган программага катышканын айтат.

«Балдарым Москва шаарында иштечү. Ал жакка кантип барсам деп ойлонуп жүрдүм. "Поле чудес" программасына кат жаздым. Ал учурда телеграмма жолдончу эле. Мен да ошентип кайрылдым. Кайра телеграмма менен жооп келди, анда телефон номур жазылуу экен. 2008-жыл эле, ал убакта уюлдук телефон айрым эле адамдарда бар болчу. Райондун борборуна барып телефон чалдым. Бирок Россияга барганга каражатым жок болчу. Ошол учурдагы Базар-Коргон районунун акимине барып, баарын айтып бердим. Ал каражат бөлүп бере турганын айтты.

Телеберүүгө катышканда Леонид Якубовичке пахтадан гүл жасап баргам. Ал пахтадан эч ким гүл алып келбегенин жана өзгөчө белек болгонун белгилеген. Пахтаны ачыла элек кезинде терип, үйгө коюп койсом өзү ачылып, сонун болуп калган болчу. Бирок жеңүүчү болгон жокмун, бизди 10 күн сыйлашты. Өздөрү мейманканаларга жайгаштырат экен. Ушундай шылтоо менен балдарымды көрүп келгем», - деди ал.

Сарвинса Сыргатаева 3 уулдун апасы.

Архивдеги маалымат

15 (913) - чыгарылыш, 2008-жыл 11-апрель

Катышуучулар:

- Наталья Вильмова (Чунск айылы);
- Ваймурза Зафираев (Грозный шаары);
- Галина Клокова (Свободный шаары);
- Ольга Лазаренко (Люберцы шаары);
- Карима Султанова (Ташкент шаары);
- Савринсак Сыркыдаева (Карача айылы);
- Альфия Усманова (Дмитровград шаары);
- Армен Краюхин (Москва шаары);
- Динара Радковская (Салехард шаары) (4 450 упай).


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.73% (771)
«РСК Банк»
27.74% (398)
«Капитал Банк»
6.48% (93)
...
Всего голосов: 1435
×