Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуӨзгөн району 27.12.2018 10:35

Өзгөндө эки унаа кагышып, 4 адам жабыркады

Turmush -  Өзгөн районунун Ак-Жар айыл аймагынын Большевик айылындагы жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркады. Окуя кечээ, 26-декабрда саат 12:50 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек жана 2 аял киши жаракат алган. Аларды куткаруучулар барганга чейин жолдогу унаалар Мырза-Аке айылындагы ооруканага жеткиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×