Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуӨзгөн району 28.12.2018 09:32 На русском

Өзгөндүктөр мүрзө казып жатканда 3 кумура таап алып, кайра көмүп коюшкан (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Зергер айыл аймагына караштуу Биринчи май айылындагы мүрзөдөн жергиликтүү тургундар 26-декабрь күнү 3 кумура таап алып, кайра көмүп салышкан. Кумуралар маркумга жай казып жатышканда табылганын айылдын Байыз аттуу тургуну билдирди.

«Мүрзө казып жатканда башкача формадагы эски буюм — кумурага окшогон идиш чыкты. Аны казып чыгаргандан кийин дагы экинчиси чыкты. Эки кумураны чыгарып, ичин тазалап көрдүк. Анын ичинде эч нерсе жок экен. Андан сырткары дагы бир кумураны көрдүк. Бирок аны казып чыгарган жокпуз. Ал эми эки кумуруна кайра көмүп койдук», - деди жергиликтүү жашоочу.

Анын айтымында, кумуранын бирөө сынык болсо, экинчиси бүтүн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×