Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Суу району 28.12.2018 11:36 Жаңыланды: 28.12.2018 13:45 На русском

Кара-Сууда кызамык менен ооруган 8 наристе ооруканага түштү

Turmush -  Кара-Суу районунда кызамык оорусуна кабылган 8 ымыркайдын абалы туруктуу, орто деп бааланып жатат. Бул тууралуу Кара-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Абдыгапар Гаипов бүгүн, 28-декабрда аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 26-27-декабрь күндөрү 1 жашка жете элек 8 ымыркай кызамык оорусунун белгилери менен аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшкөн.

«Анын ичинен бешөө Кара-Суу балдар ооруканасында 4 күн дарылангандан кийин бизге которулуп келсе, үчөө үйүнөн жеткирилген. Алардын апаларынын айтымында, 10 күн мурун балдарын Кара-Суу аймактык балдар ооруканасында дарылатып кетишкен.

Учурда балдардын абалы туруктуу, орто. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Кызамык сасык тумоого окшоп, аба аркылуу өтө тез жугуучу оору болуп эсептелет. Эгер күчөп кетсе адам өмүрүнө да коркунуч жаратат. Бул оору пайда болгондо адамдын денесинде чекиттей болгон кызыл бүдүрлөр пайда болуп, жөтөлүп, дене табы көтөрүлөт жана бала тынчсыздануу менен абалы оорлошот», - деди дарыгер.

Дарыгерлер белгилегендей, мындай оору Кара-Суу районунда 2014-2015-жылдары катталып, андан бери болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×