Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Суу району 29.12.2018 11:29

Кара-Сууда акимдин балаты майрамы өттү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 28-декабрь күнү Кара-Суу районунда акимдин балаты майрамына арналган иш-чара өттү. Райондук администрациядан билдиришкендей, майрамга райондун аймагынан чогулган 150 бала катышкан.

Алардын арасында аз камсыз болгон, ата-энесиз өскөн жана толук эмес үй-бүлөлөрдө жашаган балдар да бар. Ошондой эле окууда ийгиликке жетишкен 50 бала чакырылган. Иш-чарада 100 баланын ар бирине 2 миң сомдон тапшырылып, ал эми 50 балага 1000 сомдон берилди.

Аким Тилек Матраимов балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, жаркын келечек каалады. Ошондой эле балаты майрамына чогулган балдарга концерттик программа тартууланды.

Мындан тышкары аким Кара-Суу аймактык ооруканасында дарыланып жаткан балдардан кабар алып, белек тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.47% (357)
«РСК Банк»
34.81% (323)
«Капитал Банк»
9.48% (88)
...
Всего голосов: 928
×