Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуНоокат району 29.12.2018 21:05

Ноокатта 140 бала акимдин белегин алышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 29-декабрь күнү Ноокат районунда акимдин балаты майрамына арналган иш-чара өтүп, ага 140 бала катышты. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгон, майрамга райондун аймагынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 140 бала чакырылган. Аларды аким Давранбек Маматалиев Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерди тапшырды.

Ошондой эле ата-энесиз өскөн 12 балага Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн белектери берилди. Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү ымыркайларга да баалуу белектер тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×