Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуАлай району 01.01.2019 17:56 На русском

Алайда окуучу бала асынып каза болду. Апасы Россиядан бир күндөн кийин келмек

Turmush -  Алайда 10-класстын окуучусу асынып турган абалда табылды. Булактардын маалыматы боюнча, окуя 28-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Алайдын Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндөгү турак үйдө болгон.

Маркум окуучу Н. у Ш. М.Ташиев атындагы орто мектепте 10-класста билим алып жаткан. Ал 9 жыл Россиядагы мектепте билим алып, Алайга быйыл гана келген болчу. Ал эми апасы Россиядан 29-декабрда келүүнү пландап жаткан.

Жергиликтүү жашоочулар маркум жетиштүү жашаган үй-бүлөнүн уулу болгонун билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×