Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуАраван району 03.01.2019 10:23 На русском

Найман айылындагы кичи футбол аянтча оңдолуп, мектепке видеокамералар коюлду

Turmush -  Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы кичи футбол аянтчасы оңдолуп, В.И.Ленин атындагы мектептин имаратына видеокамералар коюлду. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Уланбек Урустамов кабарлады.

«Найман айылындагы футбол аянтча талапка жооп бербегендиктен балдар кошуна айылга барып ойноп жатышкан. Бирок бизге кезек жетпей кыйналгандыктан айыл өкмөт башчыбызга кайрылып, 160 миң сом каражат бөлдүрдүк. Учурда айыл жашоочулары да акчалай жардам беребиз деп жатышат. Футбол аянтчанын айланасы тосулуп, жарык берүүчү жабдуулар орнотулат. Ал эми жашыл майсаңды жасалгалоо кийинки жылдагы планга киргизилет», - деди Уланбек Урустамов.

Айылдагы В.Ленин атындагы орто мектебине 26 көзөмөл камералар орнотулган. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом акча каражаты бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×