Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Ош 03.01.2019 11:29 Жаңыланды: 03.01.2019 15:23 На русском

Видео, сүрөт: Ошто 2 кыз каза болгон жер төлөдөгү мейманкананын учурдагы көрүнүшү

Turmush -  Ош шаарында 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү мейманканада ѳрт чыгып, эки кыз каза болгон факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Буга байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагындагы иликтѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ аталган кѳп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан «Жетиген» мейманканасынан илинип турган илбирстин жана карышкырдын териси табылды. Ошондой эле эликтин катырылган башы алынган.

Мейманкананын администраторунун айтуусу боюнча, бул терилерди мындан кѳп жыл мурда күйѳѳсү алып келип илип койгон. Күйѳѳсү былтыр каза болгон. Учурда бул терилерге байланыштуу да тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

2018-жылдын 1-январында саат 07:50 чамасында Ош шаарынын Жим кѳчѳсүндөгү 1-үйдүн жер тѳлѳсүндѳ жайгашкан мейманкананын бѳлмѳлѳрүнүн биринен ѳрт чыккан. Ал жерден 2 аял кишинин денеси табылган болчу. Ош ШИИБдин оперативдүү тергѳѳ кызматы тарабынан каза болгон кыздардын ѳздүктѳрү аныкталып, бири Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, экинчиси Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан ѳрт чыгып, анын кесепетинен түтүнгө ууланышкан деп болжолдонуп жатат. Ѳрттүн жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуя Ош ШИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ѳрт коопсуздугун сактоонун талаптарын аткарбоо» фактысы катары катталып, ар тараптуу иликтѳѳ иштери жүрүп жатат.

Бул мейманкананын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде «Сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу» беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, көмүскө жай жолу 6 жолу жабылган эле. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат кѳрсѳтүп жаткан.

Turmush басылмасынын кабарчылары окуя болгон жердин учурдагы көрүнүшүн сүрөт жана видеого тартып келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×