Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуАлай району 03.01.2019 14:19

Байгеде 3 унаа, 3 тай жана 5 кой: Алайлыктар көк бөрү жана аламан улакка даяр (сүрөт)

Turmush -  Алайдын Гүлчө айылында 1983-жылы туулган жигиттер байгесине 3 унаа коюп, көк бөрү жана аламан улак уюштурушту. Уюштуруучулардын бири Мирлан Аттокуровдун айтымында, көк бөрүгө Гүлчө айылындагы 1976-жылдан тартып 2000-жылы төрөлгөн улакчылар катышат. Ал эми аламан улакка Алай району боюнча атаандаштар чакырылган.

«Бул оюн биздин айылда жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл 1983-жылкы улакчыларга кезек келген. 3-4-январь күндөрү көк бөрү, ал эми 5-январь күнү аламан улак болот. Учурда көк бөрү оюнуна 26 команда катыша турган болду. Эки баскыч боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Таймаш 1976-жылдан 1988-жылга чейинки улакчылар арасында өзүнчө, ал эми 1989-жылдан тарта 2000-жылга чейин төрөлгөн улакчылар арасында өзүнчө өтүп, жыйынтыгы чыгарылат. Көк бөрүгө 2 унаа, аламан улакка 1 унаа коюлган», - деди ал.

Байгеге 3 унаадан тышкары 3 тай, 5 кой, тиричилик техникалары да берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×