Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-январь
Ош облусуӨзгөн району 04.01.2019 08:15

«Мекендештер»: 19 жашынан бери Санкт-Петербургдагы ири заводдо иштеген М.Айдаров сүйүктүүсүн таап, спорт зал ачты (фото)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда туулган Марат Айдаров 19 жашында Санкт-Петербург шаарына кетип, ал жактан өзүнүн сүйүктүүсүн таап, досу менен спорт зал да ачты. Анын тарбиялануучулары Россиянын аймагында ийгиликтерди багындырууда.

Марат Айдаров Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Өзгөн районунда өскөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси. Мектепти аяктагандан кийин аскердик окуу жайда билим алып, аны ийгиликтүү бүткөн. Андан кийин Санкт-Петербург шаарына кеткен.

Өзүнүн айтымында, ал шаардан мрамор чыгарган заводго ишке орношкон.

«Мен Санкт-Петербург шаарына жаңы келгенде 2009-жыл болчу. Азыр бул жер мага экинчи үй болуп калды. Мен бул шаардан өзүмдүн сүйүүмдү таап, Сабина аттуу кыздуу болдум. Заводдо жаңы келген жылдан бери иштеп келем. Азыр бригадир болуп, заводдун жүздөгөн кызматкерлерин башкарам», - деди ал.

Анын айтымында, ал заводдо иштөө менен бирге спорт менен алектенүүнү уланткан. 5-класстан тарта эркин күрөш менен машыкчу.

«Бул шаарга келгенде дагы спортту таштаган жокмун. Жумуштан чыгып, машыгууга барчумун. Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасы абдан ынтымактуу, бири-бирибизге дайыма колдоо көрсөтүп келебиз. 2013-жылы диаспоранын мүчөлөрүнүн жана досум Жыргалбек Эмилбековдун жардамы менен спорт зал ачтык. Анда балдар эркин күрөш боюнча машыгышат. Залдын имаратын ижарага алабыз, зал бардык талаптарга жооп берет. Кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү өз балдарын ушул жерге машыгууга алып келишет. Аларды Жыргалбек Эмилбеков машыктырат. Бизге ошондой эле жергиликтүү тургундардын балдары дагы келишет. Учурда биздин тарбиялануучулар ар кандай мелдештерге катышып, кээ бири чемпион болуп жатышат», - дейт ал.

Мындан тышкары ал бул шаардан өзүнүн сүйүктүүсүн тапканын айтат.

«Жубайым Сургут шаарынан болот. Анын ата-энеси Жалал-Абаддан бул жакка мурун эле көчүп келишкен экен. Айпери (жубайы) Россияда төрөлүп, өскөн. Ал Питерге 2016-жылы экскурсияга келген эле. Ал сейилдеп жүргөндө кокустан таанышып калганбыз. Мен анын телефон номурун сурап калып, кийин байланышып жүрдүк. Менде мүмкүнчүлүк болгондо Сургутка барып турчумун. Менин сүйүүм, балдарымдын апасы Айпери экенине ишенчүмүн. 8 ай өткөндөн кийин анын колун сурап, үйлөнө турганымды ата-энеме айттым. Ошол убакта анын ата-энеси Кыргызстанга кетишкен экен. Менин ата-энем алар менен жолугушуп, бири-бирин жактырышыптыр. Андан кийин ата-энеси Айперинин мага турмушка чыгуусуна макул болушту. Ошентип кыргыздын каада-салты боюнча той өткөрдүк. Айпери Россияда чоңойгону менен бардык салттарды жакшы билет. Азыр биз Сабина аттуу кызыбызды тарбиялап жатабыз. Кудай буюрса көп баланын ата-энеси болобуз деп ойлойм», - дейт М.Айдаров.

Мараттын жубайы жолдошунун фамилиясын алып, Айпери Айдарова болгон. Мараттын атасы Кыргызстанда чакан фермердик чарба менен алектенсе, апасы медициналык кызматкер.

Анын пикиринде, ар бир адам чоң каалоосу болсо, ийгиликтерге жетише алат.

«Учурда спорт залдын базасында ачылган команда RFCH чемпионаттарын уюштуруп жатат. Биздин чемпионатка Россиянын аймактарынан жана Кыргызстандан дагы спортчулар келишет. Биз Санкт-Петербург шаарында спорттун бул түрүн өнүктүрүүнү пландап жатабыз. Башка өлкөдө жүрсөң дагы ийгиликтерге жетишүүгө боло турганына ишенип, аны далилдедик», - деди Марат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×