Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 12.01.2019 19:55

Элдик уламыш: Ала-Букадагы таш күнөөсү бар адамдарды өткөрбөй, кысып калат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында кенендиги бир карыштан чоңураак болгон таш бар. Ал таш тешиктен өтүп жаткан күнөөсү бар адамдарды кысып калат деген уламыш айтылып келет.

Ырчы жана аткаруучу Түмөнбай Колдошевдин айтымында, айылдагы кереметтүү кооз таштын адам батып-батпаган жеринен өтүү үчүн бир учурларда Өзбекстандан адамдар келген.

«Көк-Таш айылынан 7-8 чакырым жогору жерде өзгөчө таш бар. Ал таштын ортосунда адам баткан кеңдик бар. Уламыштарда ал таш күнөөсү бар адамдарды кысып калат деп айтылып жүрөт. Таштан өтүү үчүн бир учурларда Өзбекстандан адамдар келип, өтүп көрүшкөн. Мен дагы ал жерден өтүп көрдүм. Кеңдиги бир карыштан бир аз эле ашык. Ал таш адамды белинен бекем кысып калбайт. Бирок ал жерден эки колуңду, далыңды өткөргөндөн кийин жамбашың батпай калса алдыга же аркага кете албай каласың», - деди Т.Колдошев.

Анын айтымында, Көк-Таш айылындагы таш кайсыл кылымдарга таандык экени белгисиз. Айыл эли ал таш илгертеден бери бар экенин айтып жүрүшөт.

Көк-Таш айылы Ала-Бука районунун тоолуу айылдарынын катарына кирет. Айыл Өзбекстан менен чектешкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×