Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Ош облусу, Ош 03.01.2019 17:15 На русском

Алдамчылыктын жаңы түрү: «СССР учурунда төрөлгөндөр компенсация алат». Видео

Turmush -  Компенсация берүүнү убадалап, СССР учурунда төрөлгөн жарандардын туулгандыгы тууралуу күбѳлүгүн жыйнаган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы бүгүн, 3-январда билдирди.

Маалым болгондой, «Союз маалында тѳрѳлгѳндѳргѳ акчалай компенсация берилет» деген адамдар жарандардын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктѳрүнүн кѳчүрмѳсүн топтоп, жалган маалымат таратуу менен алектенип жатышкан. Учурда алдамчылардын үстүнѳн 4 жарандан арыз түшүп, тергѳѳ амалдары башталды.

Алардын сѳздѳрүнѳ ишенип, күбѳлүктѳрдүн кѳчүрмѳсүн жыйнаган эки адам кѳрсѳтмѳ беришкен.

Мындай жалган маалыматтарды таратып жаткан адамдар боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Алардын өздүгү да аныкталган.

Милиция кызматкерлери мындай алдамчыларга ишенбөөгө чакырат. Ошондой эле компенсацияга байланыштуу бардык суроолор менен Ош ШИИБге (03222) 4-82-82 жана (3222)2-49-92, 0700-07-07-23 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×