Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Ош облусу, Ош 03.01.2019 17:23 Жаңыланды: 03.01.2019 18:08 На русском

«Кызымдын 12 мүчөсү соо келгенине шүгүр»: Оштогу мейманканада каза болгон кыздын апасы

Turmush -  2019-жылдын биринчи күнүндө Ош шаарындагы Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсү өрттөнүп, эки кыз түтүнгө ууланып каза болгон. Шаардык милициянын маалыматы боюнча, алар түтүнгө ууланган болушу мүмкүн.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Социалдык түйүндүн айрым колдонуучулары өрт чыккан жер төлө мейманкана эмес, сойкукана катары кызмат көрсөтүп келгенин жазып чыгышты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, жер төлө акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат көрсөтүп жаткан. Бул мейманкананын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде «Сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштуруу» беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, көмүскө жай жолу 6 жолу жабылган.

Көп кабаттуу үйдүн жанындагы кафелердин биринде иштегендердин айтымында, жер төлөдө кыздар күнү-түнү интимдик кызмат көрсөтүшкөн.

«Бул жер сауна болчу. Анын өрттөнгөнүн көргөн жокмун. Жумушка чыкканыма эки күн болду. Күндүз эркектер келип турушчу. Өзүм күндүз иштейм. Түнкүсүн иштегендердин айтымдарында, бул жайга түнү да кардарлар келишчү экен», - деди атын атагысы келбеген жаран.

Ал эми 12-кабаттуу үй жайгашкан Алымбек датка аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Айчүрөк Каратаева: «Ошол аймактын кварталдык комитетинин башчысы 12 кабаттуу үй бизнесменге, ал эми жер төлө башка адамга тиешелүү экенин айтууда. Жер төлөнү ар ким ижарага алып иштетип келген. Акыркы убактарда аталган көп кабаттуу үйдүн 4-кабатында жашаган үй-бүлө мейманкана катары иштетип жаткан», - деди.

Ош ШИИБдин оперативдүү тергөө кызматы тарабынан каза болгон кыздардын өздүктөрү аныкталып, бири Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, экинчиси Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну болуп чыккан.

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Сарыканды айылынын башчысы Каныбек Насиров: «Аталган жер төлөдө каза болгон 20 жаштагы кыздын апасы "кызымдын он эки мүчөсү соо келгенине шүгүр" деп эле тим болду. Башка комментарий берген жок», - деди.

20 жаштагы кыз кечээ, 2-январь күнү акыркы сапарга узатылды.

Жергиликтүү активист Төлөгөн Келдибаев тиешелүү кызматтар бул окуяны алдын алуусу керек болчу деп эсептейт.

«Жөнөкөй адамдыкы болгондо мурун эле жабылмак. Бул жерде чоң акча бар. Коомдук жайлардын баарына рейд жүргүзүлүп, Мамэкотехинспекция, өрт өчүрүүчү кызматтар текшерип, алдын алышы керек. Кырсык болуп, адам өмүрү кыйылгандан кийин текшерген болбойт», - деди Келдибаев.

-------------------------------------------------------------------------------

Өрт чыгып, эки кыз каза болгон жер төлөдөгү мейманканага байланыштуу тергөө иштеринин алкагында 1-кабаттагы «Жетиген» мейманканасынан илбирс, карышкырдын терилери табылды. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, аталган жайдын ээси чакыртылып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Turmush басылмасынын кабарчылары окуя болгон жердин учурдагы көрүнүшүн сүрөт жана видеого тартып келишкен.
Буга чейин да аталган көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, адам өмүрү кыйылган. Ошондой эле 12 кабаттуу үйдүн 11-кабатынын балконунан 1990-жылы туулган жигит кулап түшүп, көп узабай каза болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×